Путин: уюм өлкөлөрүнүн коопсуздугу — ШКУнун ишиндеги артыкчылыктуу багыт

Саммитте бекитилген сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү жаатындагы кызматташтык программасы бул чөйрөдөгү алакага салым кошору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздугу — уюмдун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте билдирди.
Анын айтымында, бул милдетти аткаруу үчүн ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмү өзгөртүлөт.
"ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири тышкы чек аралардын периметри боюнча мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү аймактык антитеррордук түзүмдү коопсуздук жаатындагы бардык коркунучтарга жооп бере турган универсалдуу борбор кылып өзгөртүү, ошондой эле Душанбедеги баңгиликке каршы борборду негиздөө дал ушул максаттарга багытталган", — деди Путин.
Ал аталган саммитте бекитилген сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү жаатындагы кызматташтык программасы бул чөйрөдөгү алакага салым кошорун кошумчалады.
Путин ШКУ ичинде улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү демилгесин кайра көтөрдү