Уларбек Шаршеев ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн директору болду

УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору болуп дайындалды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун айтымында, анын талапкерлиги бүгүн Астанада өтүп жаткан ШКУнун жыйынында колдоого алынды.
Уюмдун кеңсеси Ташкентте жайгашкан.
Россиянын президенти Владимир Путин ШКУнун саммитинде белгилегендей, ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин башчысы коопсуздукка коркунучтардын бардык спектринде жооп берет.
Нургазы Курманбеков Бишкек ЖЭБине директор болуп дайындалды
Бишкек ЖЭБине жаңы директор дайындалды. Ал буга чейин да ишкананы жетектеген