ШКУ Палестина маселесин адилет чечүүнү жактайт

ШКУ өлкөлөрү атышууну толук токтотуу жана гуманитардык жардамдын жетишин камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. ШКУга кирген өлкөлөр Палестина маселесин ар тараптуу жана адилеттүү жөнгө салууну жактап чыгышты. Бул тууралуу ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча Астана декларациясында айтылат.
Документте белгиленгендей, мүчө мамлекеттер Палестина-Израиль чатагынын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, Газа тилкесиндеги кыргын менен татаал гуманитардык кырдаалга кептеген аракеттерди кескин айыптайт.
Алар атышууну эртерээк токтотуу, гуманитардык жардамдын жетишин камсыз кылуу, ошондой эле аймактын бардык тургундарын тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка жеткире турган күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгын баса белгилешти.
"ШКУга мүчө мамлекеттер Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуунун бирден-бир мүмкүн болгон жолу Палестина маселесин ар тараптуу жана адилеттүү жөнгө салуу экенин белгилешет", — деп айтылат декларацияда.
ШКУ: дүйнө коомчулугу террорчуларды жашырган өлкөлөрдүн бетин ачышы керек