ШКУ өлкөлөрү санкциялардын бир тараптуу колдонулушуна каршы

ШКУ көп тараптуу соода системасын бузуп, туруктуу өнүгүүгө тоскоол болгон аракеттерди колдобойт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. ШКУга кирген өлкөлөр санкцияларды бир тараптуу колдонуу эл аралык укуктун принциптерине туура келбей турганын жана үчүнчү өлкөлөргө терс таасирин тийгизерин белгилейт. Бул тууралуу ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча Астана декларациясында айтылган.
Ага ылайык, мүчө мамлекеттер жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерге жана эрежелерге негизделген ачык, айкын, адилеттүү, инклюзивдик, басмырлоосуз жана көп тараптуу соода системасын колдоп, бекемдейт. Ачык глобалдык экономикага өбөлгө түзө турган жана рынокторго адилеттүү кирүүнү камсыз кылган системаны жактайт.
"ШКУ өлкөлөрү көп тараптуу соода системасына залакасын тийгизген, глобалдык туруктуу өнүгүүгө тоскоол болгон протекционисттик аракеттерге, бир тараптуу санкцияларга жана соода чектөөлөрүнө каршы чыгат. Санкцияларды бир тараптуу колдонуу эл аралык укуктун принциптерине туура келбей турганын жана үчүнчү мамлекеттерге терс таасирин тийгизерин белгилейт", — деп айтылат декларацияда.
ШКУ өлкө башчылары Астана декларациясына кол коюшту