ШКУ: дүйнө коомчулугу террорчуларды жашырган өлкөлөрдүн бетин ачышы керек

ШКУга мүчө мамлекеттер эл аралык террордук уюмдардын аларга каршы жүргүзүлүп жаткан киберпропаганда жана дезинформациясына каршы аракеттенишет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Террорчулук менен күрөштө кош стандартуулукка жол берилбейт, анын бардык көрүнүштөрүн актоого болбойт. Бул тууралуу Казакстандагы ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча Астана декларациясында айтылат.
"Мүчө мамлекеттер террорчулукка каршы күрөштө кош стандарттуулукка жол берилбестигин белгилешет. Анын бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн актоого болбойт. Террорчуларды кубаттоо жана аларды жашыруу жалпы эл аралык коомчулук тарабынан катуу айыпталышы керек. Алар террористтердин маалымат мейкиндигин пайдалануусун, жаштар арасында экстремисттик идеологияны жайылтуусун кооптуу көрүнүш деп эсептешет", — деп айтылат декларацияда.
ШКУга кирген өлкөлөр террорчуларды колдоп-кубаттаган, калкалаган өлкөлөрдү эл аралык коомчулук изоляциялап, бетин ачышы керек деген пикирде. Алар эл аралык террордук уюмдар тарабынан ШКУга мүчө мамлекеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан киберпропаганда жана дезинформациялык кампанияларга каршы турары айтылган.
Путин: ШКУ жана БРИКС — дүйнөлүк өнүгүүнүн жана көп полярдуулуктун локомотиви