Президент Садыр Жапаров Азербайжанга барат

Бакуда беш өлкөнүн өкүлдөрү чогулат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын формалдуу эмес саммитине катышат.
Мамлекет башчылары кезексиз жолугушуусунда транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу маселесин ортого салышмакчы.
"Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Саммиттин ишине Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн президенттери, Түркия менен Венгриянын өкмөт башчылары катышат.
Жапаров: ШКУнун демилгелери коопсуз, гүлдөп-өнүккөн аймак курууга багытталган