Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Трамптын Украинадагы согушту токтотууга даярдыгына олуттуу карайбыз

Путин Трамптын согушту токтотууга чын ниети бар экенине ишенерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Владимир Путин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын кайра президент болуп шайланса Украинадагы согушту токтотом деген ниетине олуттуу карай турганын билдирди.
Путин Астанадагы ШКУ саммитинин аякташы боюнча маалымат жыйынга катышкан.
“Трамп мырза президенттикке талапкер катары Украинадагы согушту токтотууга даяр экенин билдирүүдө. Биз буга олуттуу карайбыз. Мен муну кантип ишке ашырарын билбейм. Бирок ал чын жүрөктөн айтып жатканына ишенем жана биз муну колдойбуз”, — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Байден Зеленскийге согушка деп 200 миллиард доллар берди