Путин: ШКУ жана БРИКС — дүйнөлүк өнүгүүнүн жана көп полярдуулуктун локомотиви

Россия президенти адилеттүү дүйнөлүк тартипти жактаган, өзүнүн мыйзамдуу укугун коргоого даяр мамлекеттердин катары көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. БРИКС менен катар ШКУ — түзүлүп жаткан дүйнөлүк тартиптин негизги тиреги. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте билдирди.
Анын айтымында, бул уюмдар дүйнөлүк өнүгүү процесстеринин жана чыныгы көп полярдуулуктун орношунун кубаттуу локомотиви.
"Бүгүн кабыл алынуучу ШКУга мүчө мамлекеттердин "адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси — ушул багытты көздөй кадам. Аталган демилге Евразия аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук чөйрөсүндөгү ишенимди бекемдөө чараларын иштеп чыгууга багытталган", — деди Путин.
Россия президенти көп полярдуу дүйнө реалдуулукка айланганын белгиледи.
"Адилеттүү дүйнөлүк тартипти жактаган, өзүнүн мыйзамдуу укугун жана салттуу баалуулуктарын коргоого даяр мамлекеттердин катары көбөйүүдө. Жаңы күчтөр жана экономикалык өсүш борборлору бекемделип жатат", — деди РФ лидери.
Владимир Путин Россия сунуштаган "Евразиядагы кызматташтыктын жана коопсуздуктун жаңы архитектурасы" айрым мамлекеттерге гана бир тараптуу артыкчылык берген эски "евроборбордук жана евроатлантикалык моделдерди" алмаштырууга багытталганын кошумчалады.
Путин: уюм өлкөлөрүнүн коопсуздугу — ШКУнун ишиндеги артыкчылыктуу багыт