Путин ШКУ ичинде улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү демилгесин кайра көтөрдү

Быйыл Россия менен ШКУ ортосундагы улуттук валюта менен эсептешүүлөрдүн үлүшү 92 пайыздан ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды колдонуу практикасын жакшыртып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин билдирди.
Ал Астанада өтүп жаткан бирикмеге мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.
РФ лидери 2024-жылдын алгачкы төрт айында Россия менен уюмдун коммерциялык операцияларды улуттук валюта менен ишке ашыруусунун үлүшү 92 пайыздан ашканын белгиледи.
Путин ошондой эле саммиттин катышуучуларына ШКУнун өз төлөм жана эсептешүү механизмин түзүү сунушун эске салды. Ал ошондой эле экономикалык блок үчүн жооптуу министрлердин, каржы министрликтеринин жана борбордук банктардын жетекчилеринин үзгүлтүксүз жолугушуулары соода менен инвестициялык мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Эске салсак, Санкт-Петербургдагы Константиновский сарайында өткөн шериктештиктин бейрасмий саммитинде Россия президенти 2024-жылы (КМШга төрагалык кылып турганда) өнөктөштөр менен улуттук валютада эсептешүүлөрдү кеңейтүү боюнча иш жүргүзөрүн билдирген.
"Биз шериктештик боюнча өнөктөштөр менен эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүгө өтүүнү жактайбыз. Бул биздин мамлекеттердин экономикалык жана финансылык суверенитетин ишенимдүү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерине ишенебиз", — деген Путин.
Уларбек Шаршеев ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн директору болду