Ноокатта селден жабыркагандарга Өзбекстандан гумжардам келди

Гумжардам ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөн турары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ноокаттагы селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
1 / 2

Ноокаттагы селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

2 / 2

Маалыматка ылайык, 95 тонналык гумжардам кечээ, 3-июлда, Ошко жеткирилген

Маалыматка ылайык, 95 тонналык гумжардам кечээ, 3-июлда, Ошко жеткирилген.
"Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардам келди. Аны министрдин орун басары Акылбек Мазарипов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.
Гумжардам ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка тамак-аш азыктарынан турары кошумчаланды.
Пресс-борбор
ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды