Ишке орноштурган кызматтар декреттегилер менен студенттерге көмөктөшөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кесиптик окутууга жолдомо алуу үчүн кайрылгандардын тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ишке орноштуруу кызматтары расмий катталган жумушсуздарды гана эмес, эми жумуш издегендерди да кесиптик окутууга, кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
"Азыр бала менен үйдө декреттик өргүүдөгү келиндер, 63 жашка чейинки эркектер, 58 жашка чейинки аялдар күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар, 5 соткадан ашык жер участогу барлар кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга орноштурууга жолдомо алуу үчүн кайрыла алышат", — деп жазылат маалыматта.
Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат? Министрликтин түшүндүрмөсү