Кыргызстанда "Шериктештиктин балдары" форумунун жабылыш аземи өттү. Сүрөт

"Шериктештиктин балдары" форуму 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага жалпысынан 700дөн ашык мектеп окуучулары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-агартуу форумунун жабылыш аземи болгонун уюштуруучулар билдирди.
Иш-чарада Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мектеп окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты. Форумдун уюштуруучулары балдарга сертификаттарды тапшырып, делегациялардын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти. Форумдун Чолпон-Атадагы координатору, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын директору Нурбек Сатвалдиев балдарды куттуктады.
1 / 3

Кыргызстанда "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-агартуу форумунун жабылыш аземи болгонун уюштуруучулар билдирди

2 / 3

Иш-чарада Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мектеп окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты

3 / 3

Форумдун уюштуруучулары балдарга сертификаттарды тапшырып, делегациялардын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти

"Бул жерде сиздер өзүңүздөрдүн каада-салт, үрп-адатыңарды гана көрсөтпөстөн, жан дүйнөңөрдү ачтыңар. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдө кыргыз жеринин меймандостугу сакталарына ишенебиз", — деди координатор.
Форумду Чолпон-Атада өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Бахтияр Кадыров уюштуруучулар бардык иш-чараларда балдарды бириктирүүгө умтулуп жатканын билдирди.
Форумда ар бир делегация өз өлкөсүнүн улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын көрсөтүштү. Балдар үчүн көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүүчү тренингдер, музыкалык сынактар, поэзия кечелери жана башка көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда болушту.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков форумдун катышуучуларына бизнес-стратегияларды түзүү тууралуу айтып берди. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дипломатиянын сырлары менен бөлүштү. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класс өткөрдү.
Эске салсак, "Шериктештик балдары" форумун өткөрүүнү 2013-жылы Жогорку Кеңеш демилгелеген. Андан бери иш-чарага 700дөн ашык окуучу катышканы маалым. Алгачкы беш форум Кыргызстанда өтүп, кийин мектеп окуучуларынын өтүнүчү менен географиясын кеңейтүү чечими кабыл алынган. 2021-жылы иш-чара Санкт-Петербургда, ал эми 2023-жылы Өзбекстанда өткөрүлгөн.
Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" форуму өтүп жатат. Сүрөттөр