Пресс-борбор

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу качан башталат?

Навигациялык пломбаларды колдонуу үч этапта ишке ашырылат. Биринчисинде автотранспорт менен ташылган акциздик, санкцияланган жана салыкты көп талап кылган товарларга колдонула башташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу 2024-жылдын күз айларында башталат. Бул тууралуу ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Элдар Алишеров билдирди.
ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Элдар Алишеров
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын бажы процедураларын жакшыртуу" аттуу видеокөпүрөдө сүйлөдү.
Алишеровдун айтымында, пломба колдонуу транзиттик жана соода жүктөрдүн өтүүсүнө көзөмөлдү күчөтөт. Маселе боюнча бардык улуттар аралык актылар кабыл алынган. ЕЭК мамлекеттерден өтүнмө берүүнү баштоого даярдыгы тууралуу ырастоолорду күтүп жатат.
"Улуттук мыйзамдар тарабынан кабыл алынууга тийиш болгон актылар бар. Үч өлкө бул пломба операторлорунун акысын бекитиши керек. Армения менен Кыргызстан маалымат берүү системаларын пилоттук тестирлөөдөн өткөрүшү зарыл. Менимче, күзгө чейин пломбаларды колдонууга өтө алабыз", — деди министр.
Навигациялык пломбаларды колдонуу үч этапта ишке ашырылат. Биринчисинде автотранспорт менен ташылган акциздик, санкцияланган жана салыкты көп талап кылган товарларга колдонула башташы керек. Буларга ичимдик, тамеки, кийим-кече, тиричилик техникасы жана башкалар кирет. Экинчи этап башка жүктөр навигациялык пломбалар менен ташылганда башталат. Бул технологиялар темир жолдордо да колдонулат. Үчүнчү этапта жүктүн бардык түрүн навигациялык пломбаны колдонуу менен темир жол аркылуу ташуу киргизилет.
ЕАЭБдеги навигациялык пломбалар: операторлор кызматташуу боюнча келишимге кол койду