Пресс-борбор

КРСУда Кумсков окуулары өттү. Талкууланган маселелер

Бул жылы катышуучулар ЕАЭБ интеграциясынын темаларына басым жасашты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде IX Кумсков окуулары өттү. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, КРСУнун экономикалык жана демографиялык изилдөөлөр аналитикалык борборунун жетекчиси Марат Кудайкулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Экономика илимдеринин доктору, КРСУнун Экономикалык жана демографиялык изилдөөлөр аналитикалык борборунун жетекчиси Марат Кудайкулов
Анын айтымында, иш-чара окуу жай тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.
"Конференция өнөр жай саясатынын алкагында илимий кызыгуусу бар изилдөөчүлөрдүн башын бириктирди. Биз өнөр жай саясатынын көп аспектилерин карап жатабыз. Бул жылы катышуучулар ЕАЭБ интеграциясынын темаларына көңүл бурушту. Анын курамында Евразиялык экономикалык комиссия бар. Буга чейин бул министрлик менен биргеликте Кумсков окуулары өткөрүлгөн. Интеграциянын маңызы – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларын көтөрүү, артта калгандарга жардам берүү, өнүгүүгө жетишүү жана өз ара кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу, тең укуктуу өз ара пайдалуу кызматташтык түзүү", — деди Кудайкулов.
КРСУ жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рейтингине кирди