Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Киев менен сүйлөшүүлөр Стамбул келишимдеринин негизинде болушу мүмкүн

Атайын операция башталгандан кийин Москва Түркия менен Беларуста Киев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү Стамбул келишимдеринин негизинде болушу мүмкүн. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Мамлекет башчысы "ШКУ плюс" жыйынында сүйлөдү.
"Стамбул келишимдери столдо тура берет жана сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн", — деди Путин.
2022-жылы атайын операция башталгандан кийин Россия Киев режими менен Беларуста жана Түркияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Путин февраль айында америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде бул дипломатиялык консультациялар учурунда дээрлик аяктап калганын, бирок орус аскерлери Киевден чыгарылгандан кийин украин тарап бардык келишимдерди "таштап" салганын айткан. Андан кийин Москва менен сүйлөшүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салганын белгилеген.
Владимир Зеленскийдин Жогорку Рададагы "Слуга народа" партиясынын фракция башчысы Дэвид Арахамия кийинчерээк мойнуна алгандай, согуштук аракеттер 2022-жылдын жазында бүтүшү мүмкүн болчу. Бирок Киев макулдашуудан баш тарткан. Анткени Британиянын ошол кездеги премьер-министри Борис Жонсон Украина бийлигине Россия менен эч нерсеге кол койбой, жөн гана күрөшө берүүгө чакырган.
ШКУ Палестина маселесин адилет чечүүнү жактайт