БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ лидери Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышуудан баш тартпай турганын жар салды. Бул тууралуу Politico жазды.
"Болушунча түз, даана айтууга аракет кылайынчы: шайлоого катышам... Мени эч ким кубалаган жок, аягына чейин кармашып жеңишке жетебиз", — деген өлкө башчы.
Маалыматта мындай билдирүүнү Байден өзүнүн штабы жана Демократиялык партиянын улуттук комитети менен видеоконференция өткөрүп жатып жасаганы айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин америкалык ЖМКлар мыйзамчы демократтар президентке шайлоо жарышынан четтөө өтүнүчү менен кайрыларын жазышкан. Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ллойд Доггетт көпчүлүк алдында Байденди көрсөтүлө турган талапкердин пайдасына шайлоого катышуудан баш тартууга чакырган. Андан кийин партиялашы Рауль Грижалва журналисттерге башка талапкер издөө зарылдыгы тууралуу билдирген эле.
Анткен менен Ак үй президент "дайымкысындай эле акыл-эси тунук" экенин айтып, шайлоодон четтебей турганын билдирип келет.
Байдендин саламаттыгына тынчсызданган демократ губернаторлордун президент менен шаршемби күнү жолугары кабарланган. https://sputnik.kg/20240703/ak-ujdun-zhamaaty-zhyjynga-chogulat-1086638576.html
АКШ президентинин ден соолугунан жана жөндөмүнөн күмөн санаган кептер анын мурунку өлкө башчы Дональд Трамп менен 28-июнда болгон биринчи дебатынан кийин жаралган. Байден сөз жарышта такалып, көпкө чейин токтоп калып, оюн топтой албай койгон. Ал эми дебат аяктагандан кийин президентти тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.
Дал ушул дебаттан кийин саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденди алмаштыра алары тууралуу айта башташкан. Теорияда муну августта өтчү съездде ишке ашырса болот, бирок алдын ала шайлоодо жеңишке жеткен Байденди жарыштан четтетүү өтө оор процесс.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. Ал эми шайлоонун өзү 5-ноябрда өтөт.