Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Киевге аскердик жардамдын жаңы пакети тууралуу жар салды. Россиянын реакциясы

Ак үйдүн кабарынан кийин эле Россия элчилиги билдирүү таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ Украина үчүн аскердик жардамдын жаңы пакети тууралуу жар салды, ага артиллерия жана HIMARS үчүн ок-дары кирет. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Байден-Харрис администрациясы Украина үчүн коопсуздук жаатында жардамдын жаңы пакетин жарыялайт. Анда абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар, HIMARS үчүн ок-дары, артиллериялык снаряддар жана башка керектүү каражаттар камтылган", — деген Жан-Пьер.
Маалымат катчы каржылоонун ичинде Пенатогондун Patriot жана NASAMS системалары үчүн ракеталарды сатып алуусуна акча каралганын кошумчалады.
Мындай кабардан кийин Россиянын АКШдагы элчилиги билдирүү таратты. Элчи Анатолий Антоновдун айтымында, кезектеги жардамы менен АКШ кыйрап бараткан дүйнөлүк тартиптен баш тартпай турганын көрсөтүүдө.
"Ак үйдүн администрациясы согушка карай алган багытынан жазган жок. Россиянын үстүнөн стратегиялык жеңишке жетем деген куру кыялга алданууда. Владимир Путиндин жаңжалды токтотуунун жана тынчтык орнотуунун жолдору тууралуу сунушу четке кагылып жатат. Бул жактагы саясатчылар үчүн НАТО саммитинин алдында америкалык эрежелердин негизинде түзүлүп учурда кыйроого туш болгон дүйнөлүк тартиптен баш тартпай турганын көрсөтүү маанилүү болуп турат. Анын баасы канчалык болору эч кимди ойлондурган жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Венгрия премьери Орбандын согуш отун токтотуу сунушун четке какты