5-июлга карата аба ырайы

5-июлга караган түнү аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июль, жума күнү, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Башка аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөп +28...+30 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы +32...+34, Чолпон-Атада +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Радио
Ала-Арча паркында спорт менен туризм айкалышкан марафон өтөт