Өспүрүмдөр психотроптук дарылардын жана баңги зат сатуунун курмандыгына айланууда

Sputnik
Учурда баңги затын сатуу, ташуу, психотроптук дарыларды пайдалануу өспүрүмдөр арасында жайылып жатканы абдан өкүнүчтүү. Бул ата-энелерди, дегеле коомчулукту тынчсыздандырып келет. Жайнак Умурзаковдун айтымында, 2024-жылдын 5 айында ИИМ тарабынан жалпы 579 кылмыш иши козголгон. Кылмыш жоопкерчилигине 364 тартылып, анын ичинен алтоо жаш өспүрүмдөр. Чыгыш Европа, Украина жана башка чет мамлекеттерде туруп алып социалдык тармактар аркылуу баңги зат ташууга биздин жаш балдарды азгырууда. Өспүрүмдөр акчага кызыгып алданып калышууда.
Ал эми ИИМдин өкүлү Марсел Дооталиев, мындай кылмыштардын бетин ачуу жаатында кызматкерлер атайын окуудан өтүп жатканын жана бүгүн адискөй кызматкерлер да улам машыгып турарын белгиледи. Бул жаатта РФтин укук коргоо органдары менен кызматташуу жүрүүдө.