Молдо Нияздын кол жазмаларына издөө салганбыз, иш уланууда. Улуу ойчулдун урпактары менен маек

Sputnik
Өлкөдө улуу ойчул, алгачкы жазма китептин ээси, мударис атыккан Молдо Нияздын 200 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленди. Өзүнүн опол тоодой санаттарынан сырткары, ошол учурдагы кыргыздын тарыхын, тарыхый инсандарын жана жер аталыштарын кагазга түшүрүп кеткен Молдо Нияз өз доорунун ак жарыгы болгон. Кыргыз адабияты, тарыхы үчүн таберик эсептелген мындай улуу инсандар тууралуу айтыла элек, изилдене элек, бизге жете элек маалыматтар али арбын.
“Күн башат” программасынын алкагында биз улуу ойчулдун урпактары менен анын басып өткөн жолу, эмгеги боюнча азыркы доордо жасалып жаткан иштер тууралуу сүйлөштүк.