Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен өз арызы менен кетип, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 2-июлда өткөн федерациянын кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Ошондой эле жыйында Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрүнүн форматы, калыстар, аттар, ветеринардык талаптар, чек ара маселелери боюнча кыргыз-казак тарап орток пикирге келгени белгилүү болду.
Эске салсак, 3-июнда Курманкул Зулушев башкы прокурорлуктан да өз ыктыяры менен отставкага кетип, кийин анын арызын парламент жактырган.
Көк бөрү Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын программасына кирди