Жалал-Абадда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 11 бангладештик кармалды

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладештин 11 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-июнда бангладештиктер Өзбекстанга келип, бирок жумуш таппай Кыргызстанга өтүүнү чечишкен. Аларга чек ара бекеттерин айланып өтүүгө жардам берген кыргызстандык Н.А.И. да кармалган.
Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.
Баткенде төө куш менен тоту куштун балапандарын мыйзамсыз ташыгандар кармалды