Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Венгрия премьери Орбандын согуш отун токтотуу сунушун четке какты

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 12 жылдан бери биринчи жолу Киевге келген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Владимир Зеленский Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын согуш отун токтотуу боюнча сунушун укту, бирок Киев кырдаалды башка жолдор менен жөнгө салууга аракет кылат. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин төрагасынын орун басары Игорь Жовква телемарафондун эфиринде айтканын РИА Новости жазды.
"Ал (Орбан — ред.) сунушун айтты. Абалды ушундай жол менен жөнгө салууну буга чейин да бир топ мамлекеттер демилгелеген. Президент маектешин угуп, өзүнүн позициясын да билдирди. Украинанын позициясы так, түшүнүктүү жана белгилүү", — деген Жовква.
Анын айтымында, ок атылышын токтотууну азыркы кырдаалдан өзүнчө бөлүп талкуулоого болбойт. Аткаминер Украина абалды дүйнөлүк саммиттерди уюштуруу жолу менен жөнгө салууга ыктай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 12 жылдан бери биринчи жолу Киевге келген. Зеленский менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйында ал Украина президентинен өлкөдөгү кырдаалды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында согуш отун токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөнүн билдирди.
Россия президенти 14-июнь күнү Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарын айткан. Анда Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарын Россиянын региондору катары таануу, Украинанын блоктон тышкаркы макамын бекитүү, демилитаризацияланышы менен денацификацияланышы, ошондой эле Москвага каршы санкциялардын жоюлушу каралган. Өлкө башчынын айтымында, бул сунуш чырды токтотуп, абалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чындап шарт түзөт.
Радада Украина 20 млрд. долларлык карызынан улам дефолтко кептелгени айтылды