БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, товарлардын чектелген ассортиментине алымдарды азайтуу же алып салуу боюнча келишимдердин долбоорлору ыкчам даярдалгандыктан иш кыйла арбыган.
"Келишим стратегиялык мааниге ээ. Ал продукциянын экспортун өз ара көбөйтүүгө, сооданы диверсификациялоого жана атаандаштыкты күчөтүүгө кошумча стимулдарды жаратат. Мындан тышкары, уюмга мүчө өлкөлөр менен Монголиянын региондук жана дүйнөлүк нарк чынжырчасына тыгыз интеграциясын күтөбүз", — деди ЕЭК соода министри Андрей Слепнев.
Тараптар аталган келишимди жыл соңуна чейин түзүүнү пландап жатышканы белгиленди.
Эске салсак, Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш Монголия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин 8-майда кабыл алган.