Владимир Путин ШКУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барды

РФ лидери саммиттин алкагында бир катар өлкө башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ШКУнун саммитине катышуу үчүн Астанага (Казакстан) барды. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланган.
Маалыматка ылайык, Россиянын президентин аэропорттон Казакстандын премьери Олжас Бектенов тосуп алган.
РФ лидери саммиттин алкагында бир катар өлкө башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү белгиленген.
ШКУнун кезектеги саммити 3-4-июлда Астанада болот. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат. Беларусь бул отурумда уюмга мүчө мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.
Садыр Жапаров ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барат