Тыналиев Айжигит Казакбаевич — өмүр баяны

Тыналиев Айжигит Казакбаевич 1985-жылы 8-декабрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган.
Sputnik
Билими: Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2016-жылы — Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты;
2018-жылы — "Кыргыз көмүр" мамлекеттик филиалынын кызматкери;
2021-жылы — Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча комитеттин төрагасы;
2021-2023 — Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү кызматынын кампа бөлүмүнүн башчысы;
2023-2024 — "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл кемечилиги" филиалынын эксплуатация кызматынын башчысы;
2024-жылы — Ысык-Көл округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Алдын ала жыйынтык боюнча жеңүүчү.
Үй-бүлөлүү.
Пирназаров Марат Түгөлбаевич — өмүр баяны