Садыр Жапаров Астанада Си Цзиньпин менен жолукту. Талкууланган маселелер

Жолугушууда Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Астанада Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин, жылдан-жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалып жатканын айткан.

"Президент "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда үч тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий этабы ийгиликтүү аяктаганын белгилеп, кийинки кадам кыйла деталдуу коммерциялык келишимди бекитүү экенин айтты. Ал быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин "Барскоон — Үч-Турпан — Аксу" жолунун курулушу боюнча да маселени козгоду", — деп жазылат кабарда.

Кытай лидери соода алакасын эки эсеге көбөйтүү керектигин айтып, Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рыноктору ачык экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, Ош — Кашкар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айткан.
Лидерлер бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен келип кетүүгө чакырышкан. Ошондой эле тараптар энергетика, транспорттук-логистикалык, инвестициялоо жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин козгошкон.
Садыр Жапаров: Кыргызстан Монголияга айыл чарба продукциясын сунуштай алат