Садыр Жапаров: Кыргызстан Монголияга айыл чарба продукциясын сунуштай алат

Президент Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалог жандана баштаганын айтып, Бишкек үчүн Улан-Батор менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.
"Президент Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багыт алып жатканын айтып, Монголиянын рыногуна жогорку сапаттагы жана экологиялык таза продукцияны сунуштай аларын белгиледи. Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Монголия башчысы Жапаровго Кыргызстан менен транспорттук-логистикалык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүү жагын карап чыгууну сунуштаган. Ал Садыр Жапаровдун чакыруусун кабыл алды.
Белгилей кетсек, эртең, 4-июлда, Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.
Путин: ШКУ адилеттүү дүйнө тартибинин негизги түркүктөрүнүн бири