Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегация курамы

Мамлекет башчы Кытайдын төрагасы жана Монголиянын президенти менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин (ШКУ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
4-июлда өтө турган жыйында өлкө лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров ШКУ саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Расмий делегациянын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;
Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов.
Эскерте кетсек, ШКУ жыйынына Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат. Беларусь бул отурумда уюмга мүчө мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.
Владимир Путин ШКУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барды