Оштун дүкөндөрүнөн Афганстанда жасалган суусундуктар сатыктан алынууда

Тиешелүү буйрукту Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаменти чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Оштун соода түйүндөрүнөн "Золотая жизнь" аталышындагы газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда. Тиешелүү буйрукту Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаменти чыгарганын мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чара калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
"Лабораториялык изилдөөлөр суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген азорубин Е 122 боегу бар экенин аныктаган", — деп айтылат маалыматта.
Соодагерлерге аталган продукцияны сатууга тыюу салуу боюнча көрсөтмөлөр берилип жатканы кошумчаланды.
ЖК электрондук тамекиге тыюу салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды