Минскидеги парадга Кыргызстандын аскер кызматкерлери катышты. Видео

Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун ротасы салтанаттуу марш менен өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Минск шаарында фашисттик баскынчылардан бошотулганынын 80 жылдыгына арналган парадга Кыргызстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн аскерлери катышты.
Sputnik Беларусь агенттигинин маалыматына ылайык, парад республиканын борборунда Победители проспектинде өтүүдө.
Парадды легендарлуу советтик Т-34 танкаларынын экипаждары ачып, андан кийин модернизацияланган техника шаардын көчөлөрү менен жүрүштү.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, парадга Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун ротасынын 60 аскер кызматкери катышууда.
Казакстанда ЖККУнун кезектеги машыгууларын талкуулашты