Милиция Бостеридеги үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бостеридеги жол кырсыгынан үч адам жабыркап, бирөө кайтыш болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ эртең менен саат 7:10дор чамасында Mercedes-Benz менен Киа К7 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
"Жол кырсыгынан Киа К7 үлгүсүндөгү унаадан эки киши жабыркаган. Ал эми экинчи машинанын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган", — деп айтылат кабарда.
ЖКККББ ушундай жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн жарандардан эреже бузгандарды (0777) 102-102 номерине кабарлап коюуну өтүнгөн.
Жол милициясынын иши эми видеокамера аркылуу тыкыр көзөмөлгө алынат