Мамдумада мекендеш катары таанылгандардын чөйрөсүн чектеген долбоор сунушталды

Авторлор СССР кулагандан кийин бул мамлекеттерде өз өлкөсүнүн каада-салтына, маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарына ылайык тарбияланган, орус тилин билбеген жарандардын бир нече мууну өсүп чыкканын белгилешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасына "мекендеш" деп таанылган адамдардын чөйрөсүн чектеген мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документтин демилгечилери СССРдин мурдагы жарандарынын бардыгы мекендештердин катарына кирбей турганын тактаган. Ага ылайык, тизмеге РФтин аймагында эзелтеден бери жашаган элдердин урпактары, РСФСРден жана Россия Федерациясынан кеткен иммигранттар кирмекчи.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Ички иштер министрлигинин статистикалык маалыматтары келтирилген. Ага ылайык, 2023-жылы мекендештерди Россияга көчүрүү программасына катышуу үчүн эң көп арыз Тажикстандын, Армениянын жана Казакстандын жарандарынан түшкөн.
"Жогорудагы статистикалык маалыматтардын негизинде мекендештерди көчүрүү программасына катышууга арыздардын басымдуу бөлүгүн (50%дан 70%ке чейин) Тажикстандын, Казакстандын жана Армениянын жарандары түзөт деп тыянак чыгарууга болот. Бирок алар Россиянын аймагында жашаган тарыхый элдердин өкүлдөрү эмес, СССРдин курамына кирген мамлекеттердин жарандары болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Авторлор СССР кулагандан кийин бул мамлекеттерде өз өлкөсүнүн каада-салтына, маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарына ылайык тарбияланган, орус тилин билбеген жарандардын бир нече мууну өсүп чыкканын белгилешет.
"Азыркы тапта мекендештерди көчүрүү боюнча программаны ишке ашыруу алгач коюлган максаттарга жооп бербей жатканы көрүнүп турат жана абалга ылайык келген өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жактан бекитүү зарыл", — деген депутаттар.
Мыйзам долбоорун Мамдуманын депутаттары Дмитрий Кузнецов менен Михаил Матвеев демилгелешкен.
Мамдуманын депутаттары КРСУну колдоого даяр