"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому түптөлгөндөн берки эки жылда 20дай өндүрүштүк ишкана ачты. Бул тууралуу Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мекеме жаңы өндүрүштүк кубаттуулукту түзүү, өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүүгө басым жасап жатат.
"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому 2022-жылдын март айынан бери толук кандуу иштеп келе жатат. Түптөлгөндөн берки эки жылда 20дай ишкананы ачып, ишке бердик. Кыргызстанда өндүрүш экономиканын локомотиви болуп бере алат. Совет мезгилинде өлкө өндүрүш жагынан абдан чоң көрсөткүчтөргө жетип, алдыңкылардын бири болгон. Мисалы, Ленин заводунда эле 30 миңдей адам иштеп турган. Өндүрүштүн пайдубалы бизде түптүү болгондуктан аларды кайра жандантып, заманбап технологияларды колдонуп өнүгүүгө багыт алуудабыз. "Кыргыз индустрия" 1 миллиард сомдук уставдык капиталы менен негизделген. 2022-жылы мекеме 12 долбоорду ишке ашырып, 2023-жылы анын саны 10дон ашып, жалпысынан 20дай ишкана болду. Өткөн жылы бюджеттен 700 миллион сом, кошумча дагы 100 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө уставдык капиталы 1,7 миллиард сомдон ашты", — деди Борончиев.
Ошондой эле ал өндүрүштү колдоо максатында инвестиция тартууга көңүл бурулуп, даяр долбоорлор бар экенин кошумчалады.