Европарламентте антироссиялык санкцияларга каршы фракция түзүү аракети башталды

ЕБ жетекчилигинин азыркы саясатынын, өзгөчө Россияга каршы санкциялардын кесепети Европа үчүн оор болору белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. "Германия үчүн альтернатива" башында турган бир катар оңчул партиялар Европарламентте антироссиялык санкцияларга жана Евробиримдиктин азыркы саясатына каршы иш жүргүзө турган жаңы фракция түзүү аракетинде. Бул тууралуу РИА Новости Европарламентке шайланып келген венгриялык "Биздин Мекен" оңчул партиясынын төрагасы Ласло Тороцкаиге таянып жазды.
"Иш кызуу жүрүп жатат, жакында жыйынтыгы белгилүү болот", — деген саясатчы.
Анын айтымында, "Биздин Мекен" партиясы — Европада жаңы күч болуп кала турган фракция түзүүнү демилгелегендердин бири.
"ЕБ жетекчилигинин саясаты, ошондой Россияга каршы санкциялардын кесепети Европа үчүн өтө оор болот. Албетте, биз бул саясатка каршы турабыз", — деди Тороцкаи.
Буга чейин немецтик Spiegel басылмасы "Германия үчүн альтернатива" партиясы Европарламентте Россия менен алаканы жакшыртып, ЕБдин үстөмдүгүнөн арылууну көздөгөн "Суверенитисттер" фракциясын түзүүгө ниеттенип жатканын жазган. Маалыматка ылайык, ага Венгриядан тышкары Румыниянын, Грециянын, Польша жана Словакиянын партиялары кошулмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Венгрия премьери Орбандын согуш отун токтотуу сунушун четке какты