Радио

Азимова: этек кир учурунда энергетикалык суусундук ичүүгө болбойт

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Элнура Азимова жаш кыздардан жыты жагымсыз, өңү башкача суюктук келгени байкалса же цистит менен ооруса дароо дарыгерге кайрылууну эскертти.
Sputnik
Азыркы учурда жаш кыздарда этек кир эрте же аз келип жатат. Буга туура эмес тамактануу себеп. Негизи ал 12ден 14 жашка чейин келиши керек. Эгер андан кеч же эрте келсе, оорутса дароо гинекологго кайрылыңыздар. Мындай кеңешин Элнура Азимова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Ал суук тийүү келечекте кыздын ден соолугуна, эне болуу бактысына таасирин тийгизерин белгилеген.
"Этек кир ай сайын бир убакта үч күндөн жети күнгө чейин келиши керек. Кээде андан аз же көп келген учурлар болот. Буга аз кандуулук, гормоналдык бузулуулар жана стресс себеп болушу мүмкүн. Бирок нормасынын бузулушуна көбүнчө туура эмес тамактануу себеп. Анткени азыркы жаштар тез татымдарды, энергетикалык суусундуктарды көп ичишет. Энергетикалык суусундуктар канды суюлтуп жиберет. Ошондуктан айыз келип жатканда ичкенге болбойт. Кан суюлуп кетип, этек кирдин күнү узарып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, келечегине да таасирин тийгизет. Тукумсуздукка жана жатындагы ар кандай ооруларга алып келиши ыктымал. Тагыраагы, жатындан келген кандын убактысынын бузулушу — гинекологиялык оорулардын белгиси. Андыктан дароо гинекологго кайрылыш керек. Кээде жыныстык мүчөнүн ичиндеги былжыр чел бөлүп чыгарган суюктук жаш кыздардын тынчын алат. Ал сезгенүү болгондо же дарыларды көп кабыл алганда болот. Бизде ата-энелер баласы ооруп калса үй шартында дарылашат эмеспи. Бул учурда микрофлора бузулуп, суюктук чыгат. Мындай учурда сөзсүз кыздарыңыздарды дарыгерге алып барыңыздар. Негизи ал суюктук жыты жок, ак түстө болот. Эгер суук тийген болсо нормасынан ашык келип баштайт. Бизде энелер "турмушка чыксаң калат" деп коюшат. Бул туура эмес. Өнөкөт ооруга айланып кетпөө үчүн турмушка чыкканга чейин дарылатыңыз", — деди Азимова.
Мындан тышкары, ал биринчи этек кир келгенден баштап эч кандай оорунун белгилери болбосо дагы жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп турууну кошумчалады.