Чүй облустук сотунун эки судьясы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облустук сотунун эки судьясы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кечээ УКМКнын кызматкерлери сот имаратында тинтүү жүргүзүп, андан соң судьялар камакка алынган.
"Судьялар пара талап кылгандыгы үчүн кармалган. Буга чейин башкы прокурор Максат Асаналиев А.Т.А. жана К.У.Ж. аттуу сотторго карата кылмыш ишин козгогон. Фемида өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Соттор кеңеши көзөмөл органдын сунушун карап чыгышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал арада Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө чыдабай турганын, сот тармагында таза эмес жана абийирсиз судьяларга орун жок экенин белгилеп келгенин анын маалымат кызматы билдирди.
"Тийиштүү мамлекеттик органдардын коррупцияны жоюуга багытталган бардык аракеттери Жогорку соттун жетекчилиги тарабынан толук колдоого алынууда", — деп билдиришти Жогорку соттон.
Баалар эселеп жогорулатылган. Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды