Радио

Мамытов: дүйнөнүн коопсуздук архитектурасын Батыш талкалап салды

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Россия лидеринин Пхеньянга болгон сапарынын тамыры 70 жыл тереңде жатарын айтты.
Sputnik
АКШ өзү каалагандай болбой калса эле санкция салып отурганынын кесепетин эми тартууда. Алгач санкцияга Түндүк Корея туш болгон. Андан соң Иран, Сирия мамлекеттери. Эми минтип Россия, Кытай дуушар болууда. Мындай бөлүнүүлөр дүйнөнүн коопсуздук архитектурасын, планета элдеринин адамдык укугун талкалоодо. Ошондуктан да Кытай, Россия лидерлери чектөөлөрдү токтотууну сунуштап жатышат. Алардын сөзүнө көнбөгөн Батыштын бөлүнүүсү адамзатын кыйроого алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы Батыш жетекчилери чоң саясатка туура келбеген одоно кадамдарды жасашууда.
"Дүйнө элинин бакубат жашоодо күн кечирүүсүнө ири мамлекет лидерлери катары Кытай менен Россиянын президенттери аракеттерин көрүүдө. Алар Батышка сунуш берип, ынтымакта жашоого чакырып келишет. Бирок АКШ, Батыш аны кабыл албай, өздөрү гана каалагандай болуусун жактырышат. Өздөрүнчө конференция өткөрүп, ал жакка Кытай, Россияны чакырбай жалпы дүйнө элинин маселесин чечип, сыртынан тон бычышат. Болбосо башка өлкөнүн президенти менен сүйлөшүп жатып, аны диктофонго жаздырып алат. Мындай болбошу керек. Учурда Батышта болуп көрбөгөндөй кадрдык кризис өкүм сүрүп турат. Мындан 30-40 жыл мурдагыны эле алалычы, Гельмут Коль, Франсуа Миттеран, Жак Шерак, Маргарет Тэтчер, Франклин Рузвельт, Уинстон Черчилль сыяктуу батыш лидерлери ушундай кадамдарга бармак беле? Албетте, жок", — деди Мамытов.
Ал БУУнун алкагында коопсуздук, өнүгүү боюнча түзүлгөн келишимдер иштебей, аны кайра эле Батыш өзү бузуп жатканын кошумчалады.