Бостериде үрөй учурган автокырсык болуп, көз жумгандар бар экени айтылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Жүрөк үшүн алган каргашанын видеосу соцтармакта тарады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ эртең менен болгон. Видеодон көрүнүп тургандай, катуу келе жаткан Mercedes жолдон кайрылып жаткан Kia K7 үлгүсүндөгү автоунааны учура сүзгөн. Кагышуудан Kia K7 автоунаасынын алды жагы жулунуп кетип, мотору өзүнчө бөлүнүп калган.
Ишенимдүү адамдардын айтымында, кырсыктан бир адам көз жумган.
Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен деп милиционер кармалды