Медакадемияда көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билим тестирлөө борбору ачылды

Минкаб башчысы аталган борбордун ачылышы студенттердин терең билим алуусуна шарт түзөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди тестирлөө борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 7

Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди тестирлөө борбору ачылды

2 / 7

Билдирүүгө ылайык, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктаган

3 / 7

Минкаб башчысы аталган борбордун ачылышы студенттердин терең билим алуусуна шарт түзүп берерин белгиледи

4 / 7

Жасалма симуляциялык муляждар аркылуу студенттер практика жүзүндө иш алып барып, билимин бекемдешерин кошумчалады

5 / 7

Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайыз, орто медициналык персоналдыкы 20 пайыз, кенже медициналык кызматкерлердики 10 пайыз жогорулатылат

6 / 7

Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам врачтарына 20 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм каралган

7 / 7

Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесиндеги ооруканаларда иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча келишимдин негизинде 66 миң сомдон квартал сайын депозит белгиленген

Билдирүүгө ылайык, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктаган.
"Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайыз, орто медициналык персоналдыкы 20 пайыз, кенже медициналык кызматкерлердики 10 пайыз жогорулатылат. 1-июлдан баштап клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга 20 миң сомдон стипендия каралууда. Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесиндеги ооруканаларда иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча келишимдин негизинде 66 миң сомдон квартал сайын депозит белгиленген. Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам врачтарына 20 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм каралган", — деди Жапаров.
Минкаб башчысы аталган борбордун ачылышы студенттердин терең билим алуусуна шарт түзүп, жасалма симуляциялык муляждар аркылуу студенттер практика жүзүндө иш алып барып, билимин бекемдешерин кошумчалады.
Садыр Жапаров медиктердин маянасын көтөрдү. Ким канча ала баштайт?