БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+33, Талас аймагында +28...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+36, Ысык-Көл жергесинде +22...+27, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп +31...+33 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы +34...+36, Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.