Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?

Sputnik
Кыргызстанда мал чарбасы орчундуу орунду ээлейт. Өлкөнүн көп бөлүгүн тоолор ээлегендиктен, эл эзелтен мал багуу менен алектенип келген. Өлкө бийлиги дагы акыркы жылдары мал чарбасын өркүндөтүү аракетин жасап келет. Мунун ичинде тери, жүн жана этти экспорттоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди айтсак болот.
Буга байланыштуу мал чарбасында орчундуу орунду ээлеген, мал базар жана мал союучу жайлардын абалы тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ички ветеринария көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев айтып берди.