Өлкө соңку болуп өткөн селдерден 180 млн сомго жакын чыгымга учурады. ӨКМдин билдирүүсү

Sputnik
Соңку эки айда өлкөдө табигый кырсык жер-жерлерде катталууда. Анда 14 адам өмүрү менен кош айтышса, материалдык чыгым 180 миллион сомго чукулдады.
Табияттын айттырбай келген жоосунун кесепеттери, аны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан шитер тууралуу ӨКМдин ыкчам башкармалыгынын улук кызматкери Темирбе Кубанычбек уулу буларга токтолду.