Туризмди колдоо фонду кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатат?

Sputnik
2022-жылы ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу максатында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 1 миллиард сом уставдык капиталы менен түптөлгөн. Эки жыл аралыгында фонд кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатат? Туримзди өнүктүрүү концепциясы иштелип чыктыбы?
Мамлекеттик обьектилердин инвентаризациясы, салыктык режим, маалыматтык долбоорлор, фонддун эл аралык кызматташтыгы, инвестициялык потенциалды арттыруу иштери тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун биринчи вице-президенти Асылбек Алиев жооп берди.