Радада Украина 20 млрд. долларлык карызынан улам дефолтко кептелгени айтылды

Зеленскийдин кеңсесинде салыктарды жогорулатуу ыктымалдуулугу тууралуу айтылып жатат, бирок терс реакциядан чочулап элге алып чыгыша элек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украина 20 миллиард долларлык коммерциялык карызынан улам расмий жарыяланбаганы менен дефолт абалына тушукту. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Нина Южанина билдиргенин РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү британиялык Economist басылмасы Украина бийлиги кредиторлор менен карызын реструктуризациялоо боюнча макулдаша албаса өлкө дефолтко кабылганын августта жарыялашы мүмкүн экенин боолгологон.
"Коммерциялык карыз жаатында чоң көйгөйүбүз бар, 20 миллиард долларга жетти... Де-юре айтылбаганы менен дефолтко кептелдик", — деген Южанина "Новости.LIVE" телеканалынын эфиринде.
Анын айтымында, Радада элдин реакциясын байкооо үчүн салыкты жогорулатып көрүү ыктымалдуулугу айтылууда. Зеленскийдин кеңсеси бул маселени карап жатат, бирок элдин маанайынан чочулап коомчулукка чыгара элек.
"Эл өтө бай жана өтө жакыр жашагандар болуп экиге бөлүнүп калды. Ушу тапта Украина элинин 50 пайызынан ашыгы жакырчылыктын босогосунда турат", — деген депутат.
Financial Times Жогорку Раданын бюджет комитетинин төрайымы Роксолана Пидласуга таянып жазгандай, Украина жылдык бюджетинин тең акчасы болгон 87 миллиард долларды коргонууга жумшаган, анткен менен ички керектөөсү болгону 46 милиардды түзөт. Депутаттын айтымында, дефицит мобилизациянын жаңы толкунунан улам жогорулай берет, себеби айлык акыга, окутууга жана армияга чакырылгандарды тийиштүү каражат менен камсыздоого сарпталат.
Буга чейин дагы бир депутат Александра Устинова мамлекеттик бюджеттин жетишсиздиги Батыштан келген акча менен жабылып жатканын билдирген. Эгер АКШ Киевге жардамын токтото турган болсо, өлкө жетекчилиги "Чоң жетиликтин" башка мамлекеттерине кайрылууга аргасыз болот.
2023-жылдын ноябрында Зеленский Украинанын мамлекеттик бюджети тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Анда дефицит 43 миллиард доллардан ашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинага курал жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн катуу аракет көрүүдө