УКМК: чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып акча талап кылгандар кармалды

Шектүүлөр аялдан сегиз миң доллар талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын, мурдагы жана азыркы башкы прокурордун атын жамынып акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр А.Г.Э. аттуу аялдын күйөөсүнө сот оң чечим чыгарышы үчүн сегиз миң доллар талап кылган.
"УКМК төрагасынын жээни, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы жана жаңы дайындалган башкы прокурор Максат Асаналиевдин тууганы экендигин айткан К.И.А. менен мурда "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон Т.Т. жабырлануучуга моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Алар сотторго таасир этип, жабырлануучунун күйөөсүнө оң чечим чыгартышарын убадалашкан", — деп айтылат маалыматта.
27-июлда акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
УКМК: Чаткалдагы кенден 1100 тоннадан ашык алтын руда мыйзамсыз чыгарылган