Стивен Сигал президент Садыр Жапаров менен Ысык Көлдө жолукту. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Стивен Сигал президент Садыр Жапаров менен Ысык Көлдө жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, актер өлкө башчы менен учкай кеп курган.
"Белгилүү актер Стиван Сигал Кыргызстанда. Актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көл жээгинде учурашып, кыскача баарлашты", — деп жазган Алагөзов соцбаракчасына.
Стивен Сигал республикага буга чейин дагы бир нече жолу келип кеткен. Алсак, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сыйлуу конок катары катышкан.
С.Жапаров: Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулууда