Си Цзиньпин: Астанада өтө турган саммит ШКУнун чоң үй-бүлөсүн бириктирет

Кытай лидери саммит оң маанайда аяктай турганына ишенет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун Астанада өтө турган саммити ШКУнун чоң үй-бүлөсүн бириктирет. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Казакстанга жасалчу мамлекеттик сапарынын алдында жазган макаласында айтылат. Ал "Казинформ" агенттигинин сайтына жарыяланды.
Кытай лидери Казакстан ШКУга төрагалык кылып турганда уюмдун беделин жогорулатууга көмөктөшкөнүн белгиледи.
"Биргелешкен күч-аракеттер менен Астана саммити оң маанайда аяктап, ШКУнун чоң үй-бүлөсүн бириктирип, кызматташуунун жаңы барагын ачат деп ишенем", — деген Си Цзиньпин.
Саммит 3-4-июлда өтөт.
Владимир Путин 3-4 июлда Астанага ШКУ саммитине келет