Садыр Жапаров ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барат

Астанадагы жыйында өлкө лидерлери көп тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, жыйында өлкө лидерлери көп тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.
"Жыйынтыгы боюнча Астана декларациясына жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө кызматаштыкты бекемдөөгө, ШКУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.
Саммиттин алкагында Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
ШКУнун кезектеги саммити 3-4-июлда Астанада болот. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат. Беларусь бул отурумда уюмга мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.
Астана мамлекеттик сапар менен барган Си Цзиньпинди чоң сый менен тосуп алды. Видео