Садыр Жапаров БУУнун баш катчысына кыргыз маданиятын көргөзүп, калпак кийгизди

Садыр Жапаров БУУнун Баш катчысына кыргыз маданиятын көргөзүп, калпак кийгизди
Антониу Гутерришке кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук оюндар көрсөтүлгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бейформал жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, алгач алар Ысык-Көлдү бойлото теплоход менен сейилдеген.

“Антониу Гутерриш “Номад” этнокомплексиндеги этномаданий программа менен таанышты. Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү. Кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда мамлекет башчы Антониу Гутерришке ак калпакты белекке берди. Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду”, — деп айтылат маалыматта.

Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталганы кошумчаланды.
Эске салсак, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 3-июлга чейин иш сапары менен Кыргызстанда болот. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген.
Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Рух-Ордо маданий борборуна барышты
Садыр Жапаров Антониу Гутерришке комуз белек кылды. Видео